Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:16

Орусия: Бала сатууга айыпталган кыргыз мигранттар абакка кесилди


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Москва облусунда кыргызстандык мигранттар ымыркай сатууга айыпталып, 4 жылдан 4,5 жылга чейин эркинен ажыратылды. Алар - бала багып алууну көздөгөн жубайлар, ымыркайдын энеси. Мындан тышкары бул ишке байланыштуу жеке клиниканын дарыгери да соттолгону белгилүү болду.

"Бала сатып алууну көздөшкөн"

Москва облусундагы Щелково шаардык прокуратурасынын сайтына жарыяланган маалыматта өткөн жылдын декабрында мигрант жубайлар кош бойлуу жалгыз бой келиндин баласын асырап алуу үчүн ага акча сунуштаганы айтылат. Жубайлар кош бойлуу келинди өздөрүнүн тааныш дарыгери иштеген төрөт үйүндө көз жарууга көндүрүшкөнү белгиленген.

"Ымыркай сатып алууну көздөгөн аял менчик клиниканын дарыгерин медициналык документке ымыркайды төрөгөн аял катары өзүнүн аты-жөнүн каттоого көндүргөн. Бул иши үчүн дарыгер 150 миң рубль алган. Бардык зарыл болгон документтер түзүлгөндөн кийин күйөөсү төрөт үйүнөн наристени алып кеткен. Ал эми ымыркайды төрөгөн аялга акча беришкен, жаңы бут кийим сатып беришкен", - деп жазылган маалыматта.

Бул окуя боюнча Орусиянын Кылмыш кодексинин 127-беренеси менен кылмыш иши козголуп, аларга "Адам сатуу" боюнча айып тагылган.
Щелково шаардык сотунун чечими менен ымыркай сатып алууну көздөгөн жубайлар Н.А. жана К. А. ар бири 4,5 жылдан, ал эми баланын энеси М. А. жана менчик клиниканын дарыгери Э. С. төрт жылдан эркинен ажыратылган.

Сот чечимине ылайык, алардын баары жалпы режимдеги колонияда жазасын өтөйт. Прокуратуранын маалыматына караганда, ымыркай ушул тапта башка үй-бүлөдө чоңоюп жатат.

Соттун өкүмү күчүнө кире элек. Азырынча айыпталгандардын адвокаттарынан же жакындарынан комментарий алууга мүмкүн болбоду.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул окуя боюнча "Азаттыкка" төмөнкүдөй маалымат берди.

"Аталган жарандар 2025-жылдын февраль айында тиешелүү суроолор менен Кыргыз Республикасынын Орусия Федерациясындагы элчилигине кеңеш алуу үчүн кайрылышкан. Кайрылуу учурунда аталган жарандарга чет өлкөдөгү мекеменин кызматкерлери тарабынан мыйзам чегинде тиешелүү түшүндүрмөлөр жана кеңеш берилген. Бирок түшүндүрмөлөргө карабастан, аталган жарандар мыйзамсыз иштерге барууга шектүү деп Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан кармалган", - деп билдирди элчилик.

Орусияда кыргызстандык мигрант кыз-келиндер арасындагы төрөп ымыркайын таштап кеткен, башкаларга акча үчүн берип салган же балдар төртканаларга таштап кеткен учурлар 2010-жылдардан кийин ачыкка чыга баштаган. Москвадагы "Ала-Тоо айымдары" коомдук бирикмесинин төрайымы Жамиля Бегиева азыр деле бул көрүнүштөр тыйылбай жатканына айтты:

Жамиля Бегиева
Жамиля Бегиева

"2009-жылы Орусиянын улуттук саясат департаментинен балдар үйлөрүндөгү балдарды багып албайсыңарбы деп, мага сунуш кылышкан эле. Ошондо билгем бул маселени. Андан кийин 2012-2013-жылдары Орусиянын Москва, Санкт-Петербург шаарларында өзгөчө кыргызстандык кыз-келиндер жигиттерге алданып калып, төрөп, балдарын төрөт үйлөрүнө калтырып кеткен учурлар көбөйгөн. Андан бери кандай гана окуялар болбоду. Бул бүткөн доор десем, дагы деле бүтө элек жара турбайбы", - деди Жамиля Бегиева.

Орусияга иштегени барып, ал жактан алданып калып, төрөп таштап кеткен же бирөөгө берип салып кылмыш жоопкерчилигине тартылган кыргызстандык кыз-келиндердин трагедиясы тууралуу "Азаттык" дээрлик 15 жылдан бери тынымсыз жазып келе жатат. Бул мазмунда бир нече даректүү тасма да тартылган.

2011-жылдан тарта Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Орусиянын балдар үйлөрүндөгү кароосуз калган кыргыз тектүү наристелерди мекенине кайтаруу жараянын баштаган. Министрликтин маалыматтарына таянсак, ошондон бери жылына 1-2 жолу кыргызстандык мигрант кыз-келиндер төрөп, таштап кеткен наристелер алып келинет.

Акыркы жолу быйыл күзүндө, Орусиянын балдар үйлөрүнө калтырылган кыргызстандыктардын беш ымыркайы Бишкекке алып келинди. Маалыматка ылайык, наристелер Бишкектеги атайын балдар үйлөрүнө жайгаштырылды жана социалдык коргоого алынды. Адатта мындай ымыркайлар биологиялык туугандарына өткөрүп берилет, эгер эч кимиси болбосо балдар үйлөрүнө берилет.

"Мыйзамды билбегендер көп"

Мигранттар менен иштеген юрист Эрлан Токтосунов Орусияда айрым мигранттар мыйзамды билбегендиктен, башка бирөөнүн баласын багып алып соопчулук кылабыз деп ойлой турганын белгиледи:

Эрлан Токтосунов
Эрлан Токтосунов

"Алар кош бойлуу келиндин баласын багып алып, соопчулук кылып жатабыз деп ойлогон болушу мүмкүн. Бирок ошол эле учурда мыйзамсыз, кылмыш кылып жатышканын билишпейт. Бул иш "адам сатуу" беренесинин оор пункттарына жатат да. Бала багып алууну көздөгөндөр мыйзамдуу жол менен багып алышса да болмок. Кош бойлуу келин төрөп, баш тарткан соң, балага "асырап алуучу" болууну көздөгөн адам сотко кайрылып, баланы асырап алса болот. Мындан тышкары ымыркай төрөт үйүнөн балдар үйүнө жеткирилгенден кийин, тиешелүү кызматтарга өтүнүч менен кайрылып, тийиштүү документтерди чогултуп, бала багып алса болот".


Орусиянын Жаза аткаруу федералдык кызматынын маалыматына ылайык, учурда Кыргызстандын 1210 жараны Орусиянын абактарында жазасын өтөп жатат. Былтыр 1355 кыргызстандык жаран Орусиянын абактарында кармалып турганын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирген.
ТИМ 2025-жылдын 15-декабрына карата, Орусиядан Кыргызстанга 211 жаран өткөрүлүп берилгенин "Азаттыкка" маалымдады. Учурда дагы 106 жаран экстрадицияны күтүп жатат.

2024-жылы Кыргызстанга 117 жаран, 2023-жылы – 74 жаран, ал эми 2022-жылы – 33 жаран Орусиядан экстрадицияланган.

Бирок кылмыш үчүн айыпталып соттолгондордун канчасы жогорудагы ымыркайын таштап же сатууга айыпталып кесилгени тууралуу өзүнчө статистика жок.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG