Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:32

Парламенттин сегиз комитетинин төрагалары шайланды


Жогорку Кеңештин 8-чакырылышынын депутаттары 17-декабрдагы отурумунда сегиз комитеттин төрагаларын шайлашты.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине Курманкул Зулушев,

Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетине Элдар Сулайманов,

Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана чөйрөнү коргоо боюнча комитетине Бакыт Тентишев,

Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетине Токтобүбү Ашымбаева,

Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетке Кубанычбек Конгантиев,

Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетке Алтынбек Кудайбердиев,

Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетке Болотбек Борбиев,

Эмгек, саламаттыкты сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелери боюнча комитетине Гүлсүнкан Жунушалиева шайланды.

Депутаттар ушул эле күнү Жогорку Кеңештин төрагалыгына Нурланбек Тургунбек уулун, анын биринчи орун басары кылып Чыңгыз Ажибаевди, орун басарлыкка Карим Ханжеза менен Жылдыз Таалайбек кызын шайлаган.

Ишин жаңы баштаган 87 депутат 17-декабрдагы жыйында мандат алып, ант беришти, жалпысынан парламентте 90 мандат бар.

Парламенттик шайлоо 30-ноябрда өткөн. Жыйынтыгы жокко чыгарылган №13 округ боюнча добуш берүү кайрадан өткөрүлмөй болгон.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG