Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:49

АКШ Венесуэланын портторун бөгөттөөдө


АКШнын жээк коргоочулары кармаган танкер. 10-декабрь, 2025-жыл.
АКШнын жээк коргоочулары кармаган танкер. 10-декабрь, 2025-жыл.

АКШ президенти Дональд Трамп шейшембиде Венесуэланын портторун санкцияга киргизилген мунай ташуучу танкерлер үчүн бөгөттөй турганын билдирди. Аларга Венесуэланын портторунан чыгуу жолдору да тосулат.

Трамп Truth Social соцтармагына Венесуэланын бийлигин чет элдик террорчу уюмдардын тизмесине кийиргенин жазды. Ал буга өлкөнүн терроризмге катышы, баңгизат аткезчилиги, адам сатуу себеп болгонун, санкцияга кирген бардык - Венесуэладан чыккан жана ал жакка бараткан танкерлерди бөгөттөөгө буйрук берди.

Эксперттер Венесуэланын портторунан канча танкер бөгөттөлөрү белгисиз экенин айтууда.

Өткөн жумада америкалык аскерлер Венесуэланын мунайын Кытайга жана Кубага алып бараткан танкерди камакка алышкан. Танкер мурда Ирандын мунайын мыйзамсыз ташууга пайдаланылган.

Бөгөттөө режими Каракастын мунайдан алынуучу кирешесин кыйла азайтат.

Американын Венесуэладан мунай өндүргөн Chevron концерни АКШдан берилген лицензиянын алкагында иши үзгүлтүксүз жүрүп жатканын билдирди.

Каракас Вашингтондун аракеттерин Венесуэлага кол салууга даярдык деп сыпатоодо.


Шерине

XS
SM
MD
LG