Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:29

"Кыргызстандын медиа платформасы" Айбек Теңизбайдын иши боюнча бийликке кайрылды


Активист Айбек Теңизбай.
Активист Айбек Теңизбай.

“Кыргызстандын медиа платформасы” уюму жарандык активист Айбек Теңизбайдын улут аралык кастыкты козутууга шектелип камакка алынышына тынчсыздануусун билдирди. Уюмдун 17-декабрда тараткан билдирүүсүндө Теңизбайдын социалдык тармактардагы кайсы билдирүүлөрү мыйзамга каршы келери так көрсөтүлбөгөнүнө көңүл бурулган.

“Ачык-айкындуулуктун жоктугу пикир билдиргени үчүн куугунтук болуп жаткандай таасир калтырат, бул Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана эл аралык милдеттенмелеринин алкагында жол берилгис көрүнүш. Президент Садыр Жапаров 2025-жылдын 8-декабрында УТРКнын жамааты менен жолугушууда Кыргызстанда сөз эркиндиги кепилдениши керектигин, жарандар бийликти сындоого укуктуу экенин белгилеген. Коомдук мүнөздөгү билдирүүлөргө байланышкан иштерди баалоодо дал ушул багыттар эске алынышы зарыл”, - деп жазылган билдирүүдө.

Уюм Теңизбайдын бөгөт чарасын кароодо камакка алуу чечими негизсиз жана катаал чара болгонун, коюлуп жаткан айыпка ылайык алынган материалдарга кошумча көз карандысыз экспертиза жүргүзүү зарыл экенин белгиледи.

Ошондой эле бул ишти президент Садыр Жапаровду өз көзөмөлүнө алууга жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетти (УКМК) алынган материалдарды ачык жарыялоого чакырды.

12-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Теңизбайды Бишкектеги №1 тергөө абагына эки айга камакка алган. Сотто ал өзү максаттуу түрдө атайын улут аралык кастыкты козутууга аракет кылбаганын билдирген.

УКМК Айбек Теңизбайды 11-декабрда кармаган. Атайын кызмат ал социалдык тармактарда белгилүү бир улутка каршы жеке кастыгын билдирген провокациялык билдирүүлөрдү системалуу түрдө жарыялап келгенин кабарлаган.

Козголгон кылмыш иши жана чогултулган материалдар боюнча Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынан эксперттик корутунду алынган. Эксперттер Айбек Теңизбайдын социалдык тармактарда жарыялаган материалдарында улут аралык кастыкты козутуунун белгилери бар деген корутунду беришкен.

Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси – “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” менен кылмыш иши козголгон.

31 жаштагы Айбек Теңизбай президентке караштуу Башкаруу академиясында мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыты боюнча билим алып, магистрдик окуусун Түркияда уланткан. Окууну аяктагандан кийин Түркиянын жогорку окуу жайларына кыргызстандык жаштардын өтүшүнө көмөктөшкөн компания иштеткен. Кийин президенттик аппаратта жана парламентте да эмгектенген.

Ал социалдык тармактарда бийликтин айрым иштерин сындап, Орусиянын Кыргызстандагы пропагандасына каршы бир нече постторду жазган. Андан тышкары өлкөдөгү саясий окуялар тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына да пикирин активдүү билдирип келген.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG